Быйыл Талас облусуна 192, 8 млн сом бөлүндү

24.03.2023, 16:45 Акчабар
Быйыл Талас облусуна 192, 8 млн сом бөлүндү

Талас облусуна быйыл 192,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, акча жаңы гана бөлүндү. Азырынча каражат кайсы тармактарга жумшалары тактала элек. Каражат райондор боюнча төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:  

  • Талас району- 58,5 млн. сом;
  • Бакай-Ата району- 37,4 млн. сом;
  • Кара-Буура району- 86,4 млн. сом;
  • Манас району- 10,5 млн. сом. 

Эске салсак, былтыр Талас облусуна 191,7 млн сом бөлүнгөн. 

Ошондой эле, Талас облусу боюнча 2022-жылы 25 долбоор ишке ашырылып, ага 52,7 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен:

  • Мектептерге 14 долбоор - 28,5  млн сом;
  • Саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 долбоор -  0,900 млн сом;
  • Спорттук курулуштарга 2 долбоор - 5,3 млн сом;
  • Маданий маанидеги обьектилер 2 долбоор – 4,8 млн сом;
  • Бала-бакчаларга 6 долбоор - 13,2 млн сомго акча каражаты каржыланды.

“Ал эми капиталдык салымдар беренесинен Талас облусу боюнча 2022-жыл ичинде 348,2 млн сом каралган,  толугу менен каржыланган”, - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу