2024-жылы Талас облусуна 193 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы Талас облусуна республикалык бюджеттен 192,8 млн сом бөлүнүп, облустун жалпы кирешеси 6,6 млрд сомду түздү. Ал облуста иш сапары менен болуп, Каржы министрлигинин 100 жылдыгына арналган илимий конференцияга катышты.
Аманбаев 2024-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү бардык бюджеттик мекемелер бирдиктүү эсеп планын колдонуу менен “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” тутумунда эсеп жүргүзө баштаганын баса белгиледи.