Бүгүн Талас облусунун Манас районунда Газы Малаев атындагы жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу өлкөдө жалпысынан 350 мектептин курулушуна 1 млрд 861 млн 506,4 миң сом каралган.
Анын ичинен Талас облусу боюнча 19 мектептин курулушуна 108 млн 425,70 миң сом каралып, бүгүнкү күндө 86 млн 295,30 миң сом каржыланды.
Ошондой эле, 2023-жылдын аягына чейин Талас облусунда 9 мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Учурда эки мектептин курулушу аяктады.