Жалал-Абадда 68 үй-бүлөгө ишкердик баштоо үчүн 100 миң сомдон берилет

16.03.2023, 14:35 Акчабар
Жалал-Абадда 68 үй-бүлөгө ишкердик баштоо үчүн 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 100 миң сомдон грант берилип келүүдө. Быйыл аталган долбоордын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жакыр жашаган 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилмекчи. Бул тууралуу Жалал-абад мэриясы билдирди. 

Кечээ, 15-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясында “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү.

Учурда аймакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча адистер тренинг, семинарлардан өтүүдө. Алар жергиликтүү тургундарга финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу жана  каржылык маселелер боюнча тренинг өтүшөт. 

Эске салсак, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан 50 үй-бүлө социалдык контракт долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу