2023-жылы транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоодон 2 млрд 969 млн сом жыйым түшүп, каражат бекитилген пландан 1 млрд 858,6 млн сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, 2022-жылы каттоо жыйымдары 1 млрд 110,4 млн сомду түзгөн.
Белгиленгендей, транспорт каражаттарын каттоодо 5%, кайра каттоо үчүн 0,3% алым алынат.
Автоунааны каттоо акысынын жогорулашы бир нече факторлорго, анын ичинде Кыргызстанда катталган жаңы унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.