Былтыр берилген микрокредиттердин 38%дан көбү керектөөчүлүк муктаждыктарына багытталды

13.04.2022, 09:58 Акчабар
Былтыр берилген микрокредиттердин 38%дан көбү керектөөчүлүк муктаждыктарына багытталды

Өткөн жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 37,0 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 645 миңге жакын адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комиететинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны 2020 жылга салыштырганда 9%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче дээрлик 19%га көбөйгөн.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (7,8 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,2%ы) жана Бишкек шаарынын (6,7 млрд. сом же 18,2%), Чүй (5,4 млрд. сом же 14,5%) жана Жалал-Абад облустарынын (5,1 млрд. сому же 13,7%) алуучуларына берилген.

2021-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 38,4%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 28,5%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,2%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,4%ы курулушка багытталды.

Тэги: статистика комитети микрокредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу