Былтыр билим берүүгө бюджеттен 44,9 млрд сом бөлүнгөн

30.01.2023, 11:10 Акчабар
Былтыр билим берүүгө бюджеттен 44,9 млрд сом бөлүнгөн

Былтыр билим берүү тармагынын бюджеттик чыгашасы 44, 9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы бюджеттин чыгашасы 15 768, 9 млн сомго көп. Былтыр билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысына 43 399, 8 млн сом кеткен. Бул пландалган бюджеттин 97,8  %ын (44 463,0 млн сом) түзөт. Министрликтин жалпы чыгашаларын төмөнкүдөй бөлүүгө болот:

  • 2022-жылы министрликтин борбордук аппаратынын имаратын оңдоп-түзөөгө —  39,0 млн сом бөлүнгөн.
  • Июнь айында кызматкерлердин өргүүгө чыккандагы айлык акыларына — 8 019 ,8 млн сом;
  • Окуучулардын тамак-ашына — 923, 9 млн сом кеткен. Бул 2021-жылга (752 ,6 млн сом) салыштырмалуу 171,4 млн сомго көп;
  • Жалпы билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөөгө — 121,0 млн сом кеткен. Бул 2021-жылга салыштырмалуу (102, 2 млн сом) же  18,8 млн сомго көп;
  • Министрликтин борбордоштурулган иш-чарасына — 121,6 млн сом бөлүнгөн. Бул 2021-жылдын (158,6 млн.сом) салыштырмалуу 37,0 млн сомго аз; 
  • Окуучулардын республикалык олимпиадасына —  6,4 млн сом жумшалган.  “Манас таануу” телеконкурсуна 3,0 млн сом сарпталган. 
  • Андан тышкары, мектептерди  Интернетке кошууга абоненттик төлөмдүн карыздарын жоюу үчүн—  6,5 млн сом. Интернетке кошуу үчүн абоненттик төлөмдөргө 24 ,1 млн сом, бардыгы болуп 30, 6 млн сом жумшалган.
  • Былтыр 2022-жылга карата окуу китептерин басып чыгарууга карыздарды жоюу үчүн — 34 млн сом сарпталган. 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу