Былтыр ЕАЭБ менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 200 млрд доллардан ашкан

17.02.2023, 16:04 Акчабар
Былтыр ЕАЭБ менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 200 млрд доллардан ашкан

ЕАЭБ менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жыйын өттү. Анда былтыр ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 200 миллиард доллардан ашкандыгы айтылды. Бул тууралуу тийешелүү мекемеден билдиришти. 

ЕАЭБ менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусу боюнча өткөн комиссиянын үчүнчү отурумунда техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу, бажы кызматташтыгы, атаандаштык жана рынокту коргоо чаралары талкууланды. Жыйынга Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев жана Кытайдын Коммерция министринин орун басары Ли Фэй катышты. 

Отурумда ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттердин, Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы, анын ичинде тармактагы иш-чаралар бекитилген. Мындан тышкары, темир жол транспортун санариптештирүү, стратегиялык пландаштыруу боюнча маалымат алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары, биргелешкен илимий изилдөө иштери пландалды. 

“Биз темир жол аркылуу ЕАЭБден Кытайга азык-түлүк товарларын ылдам жеткирүүнү ишке ашырууга багытталган “Евразиялык Агроэкспресс” долбоорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууга макулдаштык. Долбоор ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген товарлардын ассортиментин диверсификациялоо жана 2022-жылы 200 миллиард доллардан ашкан Кытай менен сооданы көбөйтүүдө өзгөчө мааниге ээ”, - деди Андрей Слепнев жолугушуудан кийин.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу