Былтыр Эсеп палатасы 46 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктаган

06.06.2023, 11:40 Акчабар
Былтыр Эсеп палатасы 46 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктаган

Былтыркы жылы Эсеп палатасы 78 аудитордук иш-чара жүргүзүп, анын жүрүшүндө аудит объектилеринин 1666 түзүмдүк жана мекемелик бөлүмдөрүнүн иши камтылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Отчеттук жыл үчүн аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Эсеп палатасы тарабынан 46 101,7 млн. сомго каржылык тартип бузуулар жана 404 процессуалдык мүнөздөгү мыйзам бузуулар аныкталган. 

“Жалпысынан аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасынан 15 544,3 млн. сом компенсация төлөнүүгө тийиш болсо, анын 7174,8 млн. сому толтурулган. Калган мыйзам бузуулардын ордун толтуруу иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 2022-жылы Эсеп палатасы тарабынан 18 шаардын мэрияларынын жана 207 айыл өкмөттүн бюджеттеринин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудит жүргүзүлгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу