Былтыркы жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 миллиард 500 миллион сом болуп, тарыхый чекке жеткен. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов менен жолугушуу учурунда айтты.
Жолугушууда эки тарап кыргыз-кытай кызматташтыгы, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуу жаатында жигердүү иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Экономикалык кызматташуу боюнча Улан Примов Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин белгиледи.
Элчи Ду Дэвэн өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.
“Кызматташтыктын бардык тармактарында биз чоң натыйжаларга жана оң жылыштарга жетиштик. Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы тарыхый рекордго жетип, 3 миллиард 500 миллион АКШ долларын түздү. Бирок бул көрсөткүч чек эмес, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар”, - деди ал.