Былтыр өлкөдө 86,5 млн долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашкан

23.01.2022, 20:00 Акчабар
Былтыр өлкөдө 86,5 млн долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашкан

Өткөн жылы Кыргызстанда 86,5 миллион долларга (учурдагы курс боюнча 7,3 миллиард сом) беш инвестициялык долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу инвестициялык агенттиктин (KADI) жылдык отчетуна таянып Economist.kg жазды. 

Маалыматка ылайык, эң ири долбоорлор "Металл-Кен" металл прокат заводунун (50 миллион доллар жана 500 жумушчу орун) жана Novotel беш жылдыздуу мейманканасынын (25 миллион доллар жана 180 жумушчу орун) курулушу болгон.

Ошондой эле, "Муниципалдык шаардык транспортту жабдуу" (8 млн доллар) долбоорлору ишке ашырылып, анын алкагында 350 автобус алынып келинип, 500гө жакын жумуш орун түзүлдү. Мындан тышкары, "Бут кийим чыгаруу жана өндүрүү" (500 миң доллар жана 80 жумушчу орун) жана "Кант кызылчасын кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча завод" (3 млн доллар жана 60 жумуш орду) ишке кирди.

Белгилей кетсек, бул долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен 1300дөн ашык жумушчу орун түзүлдү.

Тэги: долбоор инвестиция жумуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу