Былтыр Кыргызстанда коомдук транспорттун баасы 1,9%га кымбаттаган

27.02.2024, 12:00 Акчабар
Былтыр Кыргызстанда коомдук транспорттун баасы 1,9%га кымбаттаган

Бир жылдын ичинде орто эсеп менен ЕАЭБде коомдук транспорттун баасы 14,2%га өстү. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналы жазды. 
 
Маалыматка ылайык, Евразия биримдигинин өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда коомдук транспорттун баасы эң арзан. 

2023-жылы ЕАЭБде коомдук транспорттогу тарифтердин индекси Арменияда +13,2%, Беларуста +11,5%, Казакстан +8,6%, Кыргызстан +1,9%, Орусия +15,7%га өскөн.  

Белгилеп кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте эң арзан маяна берилет. 2023-жылдын март айында Бишкекте орточо айлык 403 долларды, Астанада 962,3 долларды, Москвада 1608 долларды, Минскиде 847,5 долларды түзгөн. 

Тэги: коомдук транспорт ЕАЭБ кымбатчылык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу