Былтыр Кыргызстанда өнөржай продукциясынын көлөмү 357 млрд сомду түздү

14.01.2022, 12:28 Акчабар
Былтыр Кыргызстанда өнөржай продукциясынын көлөмү 357 млрд сомду түздү

2021-жылдын январь-декабрына карата өнөржай продукциянын көлөмү 357 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын январь-декабрына салыштырганда 9,0 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыанан кабарлашты.

Көбөйү тазаланган муунай-продуктуларынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү (67,0 пайызга), ошондой эле резиналык, пластмассалык буюмдар, башка металл эмес минералдык продуктулардан (29,5 пайызга), жыгач жана кагаздан жасалган  буюмдар, полиграфиялык ишмердүүлүк (26,2 пайызга), азык-түлүк продуктулары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттары (13,3 пайызга), жер астынан казып чыгаруулучу пайдалуу заттарды өндүрүү (21,2 пайызга), ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү жана унаа менен жабдуулардан тышкары даяр металл буюмдары (3,0 пайызга) өсүшүнөн келип чыкты.

Өнөржай продукциялардын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

"Терс тенденциялар курулушта байкалып, бул тармакта көлөмдүн төмөндөшү 4,8 пайызды түзгөн. Айыл-чарбада 5,0 пайызды түзсө, ошол эле учурда дүң жана чекене сатыкта тескеринче көлөмдүн өсүшү 10,5 түздү",- деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда ИДПнын723 млрд сомду түзгөн жана 2020-жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга жогорулаган.

Тэги: өнөржай продукциясы Кыргызстан муунай-продуктулары резиналык, пластмассалык буюмдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу