Былтыр өлкө боюнча 39 млрд сомдон ашык микрокредит берилген

28.03.2023, 17:05 Акчабар
Былтыр өлкө боюнча 39 млрд сомдон ашык микрокредит берилген

Былтыр 2022-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 39 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, микрокредит алуучулардын саны 672 миң адамды түзгөн.

Микрокредиттерди алган калктын саны 2021-жылга салыштырганда 4,3%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 6%га көбөйгөн. 

Микрокредиттердин олуттуу суммасы аймактарга карата:

  • Бишкек шаары - 7,4 млрд сом (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ын түзөт);
  • Ош облусу -  6,8 млрд сом (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 17,4%ын түзөт);
  • Чүй - 6,4 млрд сом  (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 16,3%ын түзөт); 
  • Жалал-Абад облусу - 5,7 млрд сом (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 14,6%ын түзөт) берилген.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу