Былтыр Кыргызстан экспорттогон кургатылган жемиштердин көлөмү 89% кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айындагы тышкы жана өз ара соода боюнча отчетунда айтылат.
Мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылдын январь айынан ноябрга чейин 10,4 миң тоннадан ашык кургатылган мөмө-жемиш жана жаңгак экспорттолгон. Товардын бул көлөмү 32 миллион доллардан ашык суммада сатылган. Орточо эсеп менен өнүмдүн 1 килограмы 3 долларды түзгөн.
"Мурунку 2021-жылдын 11 айында бул өнүмдүн экспортунун көлөмү 19,8 миң тонна болуп, кирешеси 13,8 миллион долларды түзгөн. Товардын 1 килограммы орто эсеп менен 0,7 долларга бааланган", - деп айтылат маалыматта.
Ошентип, берүүлөрдүн дээрлик эки эсеге азайгандыгына карабастан, өткөн жылы ата мекендик экспорттоочулар товарлардын өздүк наркынын дээрлик 4 эсеге жогорулашы менен кирешелерин 2 эсеге көбөйтө алышкан.
Өлкөдө өндүрүлгөн кургатылган мөмө-жемиштердин негизги сатып алуучусу Бириккен Араб Эмираттары. Кошумчалай кетсек, былтыр Кыргызстан БАЭге дээрлик 8 миң тонна, ал эми бир жыл мурун 17,6 миң тонна кургак жемиш экспорттогон. 2022-жылы БАЭ Кыргызстандын экспорттоочуларынан кургатылган жемиштерди килограммын 3,5 доллардан, 2021-жылы 0,7 доллардан сатып алган.
Кыргызстандын кургатылган жемиштерин сатып алуу боюнча экинчи орунда Германия, үчүнчү орунда Түркия турат.