Былтыр мамлекет 6,2 млрд сом дивиденд алган

03.10.2023, 15:10 Акчабар
Былтыр мамлекет 6,2 млрд сом дивиденд алган

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакети боюнча дивиденддерден түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү суммасы 6 миллиард 269,3 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтар Министрлер кабинетинин 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунда келтирилди.

Белгилеп кетсек, өкмөттүн дивиденддер боюнча планы 7 миллиард 600,9 миллион сомду түзгөн. Пландын аткарылышы 82,5 пайыз болду.

Маалым болгондой, акциялардын мамлекеттик пакети боюнча дивиденддердин олуттуу көлөмүн "Айыл Банк" (201 миллион сом), "Альфа-Телеком" (826,2 миллион сом), "Кыргызнефтегаз" (534,3 миллион сом), "РСК Банк" (317,8 млн сом), “Манас” эл аралык аэропорту (1 млрд 295,8 млн сом) жана “Кыргызалтын” ( 2 млрд 874,6 млн сом) камсыздаган. Башка акционердик коомдордон жалпысынан 219,7 миллион сом өндүрүлгөн.

Тэги: дивиденд акционер бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу