Былтыр МИКтин уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 млрд сом бөлүнгөн

14.02.2023, 15:20 Акчабар
Былтыр МИКтин уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 млрд сом бөлүнгөн

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда жарандарды турак-жай менен камсыздоо жаатында жасалып жаткан иштер жана каржылык маселелер талкууланды. Ошондой эле, төрага Нурланбек Шакиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги максаты жарандарды арзан турак-жай менен камсыздоо экенин белгиледи. 

“Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуучу объектилердин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Бардык курулуш эрежелери сакталып, талаптар аткарылганда гана салынган үйдү кезек күткөн жарандарга берүү зарыл. Түркиядагы жаралган кырдаалды эске алып, жоопкерчилик чоң экенин унутпаңыздар”, - деди ал. 

Андан тышкары, Нурланбек Шакиев ипотекалык насыялоодо аймактарга да басым жасоо керектигин айтты.

“Нарын, Талас, Токмок, Кара-Балта өңдүү шаарларда да турак-жай алууга муктаж жарандар арбын. Жер тилкесин алууга кезекке тургандар көп, бирок жер жетишсиз. Андыктан көп кабаттуу, заманбап үйлөрдү куруп жеңилдетилген шартта муктаждарга берүү керек”, - деди ал. 

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө 6,2 млрд сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун билдирди. 

"Муну менен катар, 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап, 9500дөй жаран банктарга кезекке турду", - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу