Токионун тургундары полицияга рекорддук суммадагы жоголгон акчаны өткөрүп беришкен

14.03.2023, 16:45 Акчабар
Токионун тургундары полицияга рекорддук суммадагы жоголгон акчаны өткөрүп беришкен

Былтыр, 2022-жылы Токиодо полицияга өткөрүлүп берилген каражаттын суммасы 30 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Токио полиция департаментине таянып The Japan News жазды. 

Токио шаарынын тургундары 2021-жылы жоголгон дээрлик 4 миллиард иенди (30 миллион долларга жакын) таап, полицияга алып келишкен. Бул 1940-жылдан берки полицияга өткөрүлүп берилген эң көп суммадагы каражат. 

"Чынчыл жана кыраакы жарандар жеткирген акчанын жалпы суммасы 2021-жылга салыштырмалуу 600 миллион иенге (5 миллион долларга жакын) көбөйгөн. Эң чоң табылга кимдир бирөө жоготкон куту болгон, анда 34 миллион иен (254 миң доллардан ашык) болгон", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан былтыр Токиодо 3,7 миллиондон ашык жоголгон капчыктар, кредиттик карталар, айдоочулук күбөлүктөр, документтер жана башка баалуу буюмдар полицияга өткөрүлүп берилген.

Муну менен Борбордук казына мүлкүнө 727 миллион иен (5,4 миллион доллардан ашык) түшкөн. Бул каражаттын ээлери мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин табылбай калган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу