Былтыр 2022-жылы мамлекеттик “Унаа” мекемеси республикалык бюджетти 1,5 млн сомго жакын толуктаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн инфраструктурасын жана сапатын жакшыртуу максатында “Унаа” мамлекеттик мекемесинде транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоочу жаңы пункттар ачылган. Ошондой эле, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун айылдарында автоматташтырылган калкты тейлөө борборлору ишке кирген.
“Жыл ичинде “Унаа” мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнөн республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 1 473 695,5 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.
Буга кошумча, автотранспорт каражаттарын каттоодо сатуучу менен сатып алуучунун өздүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү жана транспорт каражаты катталгандыгын далилдей турган face-id модулу иштелип чыккан. Кыргызстандын банктарынын мобилдик тиркемелерин жана уюлдук операторлордун электрондук капчыктарын колдонуу менен QR кодун окуу аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу ишке киргизилген.