2022-жылдын жети айында өлкөгө унаалардын терезелерин караңгылатуудан 142,7 млн сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке берген баяндамасында айтылат.
Эске салсак, транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекиткен токтом өткөн жылдын 20-майында бекитилген. Ал эми 1-июндан тарта күчүнө кирди.