Былтыркы жылы Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 178 сомду түздү

16.01.2023, 10:35 Акчабар
Былтыркы жылы Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 178 сомду түздү

Былтыркы 2022-жылдын эсеби боюнча жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда байкалып, ал 7 миң 542 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу өлкөдө жашоо деңгээли 15%га, же 1 миң 76 сомго жогорулаган.

Муну менен Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 178 сомду түзгөн. Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда (7,5 миң сом), Бишкек шаарында (7,3 миң) жана Баткен облусунда (7 миң) белгиленген. Ошол эле учурда, 2021-жылдан айырмаланып жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда (16,3 пайызга) жана Бишкекте (15,7 %) белгиленген.

“Эмгекке жарамдуу курактагы жарандар үчүн жашоо минимуму 8025 сом, пенсионерлер үчүн 6 миң 395 сом, балдардыкы 6 миң 99 сом”,- деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу