Алтынбек Сулайманов өкмөт башчыга: «Бюджетти экономдойбуз деп атып, дарыгерлерди оорутуп алдыңар»

30.04.2020, 14:45 Акчабар
Алтынбек Сулайманов өкмөт башчыга: «Бюджетти экономдойбуз деп атып, дарыгерлерди оорутуп алдыңар»

200гө жакын дарыгерлердин коронавируска чалдыгышына премьер-министр менен финансы министрлиги күнөлүү. Бул тууралуу эл өкүлү Алтынбек Сулайманов («Бир Бол» фракциясы) 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«200гө жакын дарыгерлердин коронавируска чалдыгышына премьер-министр менен финансы министрлиги күнөлүү. Себеби, алар убагында коргонуучу каражат меен камсыз болгон эмес. Премьер-министр 2019-жылдын бюджетинен калган 1 млрд сомду саламаттык сактоо министрлигине бөлүп бербегендиктен, толук кандуу каржыланбай мына ушул күнгө туш болуп отурат дарыгерлерибиз. Андан сырткары, быйылкы жылы дагы 497 млн сомду Саламаттык сактоо министрлигине убагында берген жокусңар. Белгилей кетчү нерсе, финансы министрлиги бир гана премьер-министрди угат. Бюджеттин акчасын экономдойбуз деп атып, ЖК бекитип берген, Президент кол койгон мыйзамды аткарган эмессиңер», - деп билдирди депутат.

Премьер-министрдин айтымында дарыгерлер бир гана коргонуучу каражаттардын жоктугунан ооруга чалдыгышкан жок.

«Дарыгерлердин вируска чалдыккандыгын аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Инфекция коргонуучу каражаттын жоктугунан жуктубу? же аба аркылуу жугузуп алыштыбы? бул суроолорго жоопту комиссиянын корутундусу чыккандан кийин айта алабыз. Себеби, толук кандуу жабдыктар менен камсыз болгон дарыгерлер дагы кантип ооруга чалдыгып калгандарын билбей жатышат. Ал эми бюджетти экономдоо ал башка иш. Себеби, коронавирус тууралуу маалымат декабрдын аягында бизге келди.  Ал эми бюджет ага чейин бекитилип калган», - деп жооп берди өкмөт башчы. 

 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 195 учур катталды, алардын ичинен 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тэги: Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов бюджет Өкмөт башчы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу