Дыйыкандардын насыясынын үстөк пайызын субсидиялоого бюджеттен 372 млн сом бөлүнгөн

02.03.2021, 11:45 Акчабар
Дыйыкандардын насыясынын үстөк пайызын субсидиялоого бюджеттен 372 млн сом бөлүнгөн

2021-жылы республикалык бюджеттен дыйкандардын насыясынын үстөк пайызын субсидиялоо үчүн 372 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу финансы министрлигинин расмий сайтында маалымдалат.

 

Андан сырткары, 2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасы аркылуу жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө жеңил насыя берү үчүн 6 млрд 200 млн сом каражат бөлүнөт.

«Айыл чарбаны каржылоо – 9» программасы мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөгөн сугат технологияларына багытталган. Каржылоо үчүн финансы минитсрлиги 10 коммерциялык банк менен келишим түздү. Алар: 

«РСК Банк»;

«Айыл Банк»;

«Бай Түшүм»;

«Бакай Банк»;

«Кыргызстан» коммерциялык банкы;

«Капитал Банк»;

«ФинансКредитБанк»;

«Халык Банк»;

«Оптима Банк»;

«КИКБ».

Кошумчалай кетсек, финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылдан чарба субъекттерди каржылоого жалпысынан 40.77 млрд сом бөлүнгөн.

Тэги: Финансы министрлиги каржылоо насыя Айыл чарбасын каржылоо – 9 сумма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу