Бюджеттик мекемелердин электр энергиясына болгон карызы өсүүдө

06.02.2020, 14:40 Акчабар
Бюджеттик мекемелердин электр энергиясына болгон карызы өсүүдө

Бюджеттик мекемелердин электр энергиясына болгон карызы өсүп жатат. Бул тууралуу 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча республикалык штабдын жыйынында Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, ошол эле маалда калктын электр энергиясына болгон карызы 10 пайызга, коммерциялык мекемелердики 16 пайызга азайган.

«Карыздары өсүп бараткан мекемелерди белгилей кетсек, Ошжылуулукэнергонун» карызы 144 млн сом, «Жылуулуккомунэнергонуку» - 46 млн сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 8,6 млн сом, Айыл чарба министрлигинин мекемелери – 500,7 млн сом, Транспорт министрлиги – 3,4 млн сом, Маданият министрлиги – 2 млн 800 миң сом, Чек ара кызматы – 1 млн 800 миң сомду түзөт. Бул карыздар төлөнбөй, өсүп жатат. Ошону менен бирге маселе жаратууда»,- деди Назаров.

Тэги: бюджет Электр энергия мамлекеттик мекеме мекеме карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу