2020-жылы ММК фондунун бюджети 264 млн сомго жогорулайт

23.12.2019, 14:00 Акчабар
2020-жылы ММК фондунун бюджети 264 млн сомго жогорулайт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт. 

Фонддун киреше жана чыгаша бөлүктөрү «Онкологиялык кызматты колдоо» коомдук фондунан келип түшкөн 2019-жылдын башына карата максаттуу каражаттардын калдыктарынын эсебинен 478 млн 245 миң сомго көбөйдү. Бул каражаттын ичинен жыл аягына чейин 178 млн 245 миң сом колдонулат. 

Андан тышкары, Бирдиктүү төлөм тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги өтмө каражаттардын калдыгына тактоо киргизилди, калдык – 309 млн 380 миң сом.

ММК фондунун 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчү жалпысынан 835 млн 548 миң сомго жогорулайт, ошол эле учурда ММК фондунун бюджетинин чыгашалар боюнча көрсөткүчү 835 млн 548 миң сомго жогорулайт.

Белгилей кетсек, эл каттоо маалыматына ылайык, Кыргызстандын 5 млн 800 миӊ калкы бар, анын ичинде 64 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандырууга жатат, мындайча айтканда, 3 млн адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар.

 

 

Тэги: ФОМС бюджет траты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу