Бюджеттик долбоорлорду түзүүдө 67,8 млн сомго мыйзам бузулганы аныкталды

06.06.2023, 13:17 Акчабар
Бюджеттик долбоорлорду түзүүдө 67,8 млн сомго мыйзам бузулганы аныкталды

Эсеп палатасы 2022-жылга карата аудиттик текшерүүлөрдү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан мекеме тарабынан 46 101,7 млн. сомго каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бюджеттик системасында бюджеттик долбоорлорду кароодо жана түзүүдө жалпы суммасы 67,8 млн. сомго мыйзам бузулган. 

Ошондой эле, Кыргызстандын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы мыйзам бузуулар жана кемчиликтер 26 млрд. 666 млн сомду түзүп, анын ичинен 1 млрд. 116,7 млн. ​​сомдун орду толтурулган. 

“Мүлктү пайдалануудагы кемчиликтер боюнча мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 6 млрд. 813 млн. сомду түзүп, анын 3 млрд. 838,3 млн. сомунун орду толтурулган. Ал эми  эсепке алуу жана отчет берүүнүн тартиби боюнча 9 млрд. 778,9 млн. сомго мыйзам бузулган. Анын 2 млрд. 045,1 млн. сому кайтарылган”, - деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 1 млрд. 662,5 млн. сомго мыйзам бузулуп, 174,7 млн ​​сомдун орду толтурулган. Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин нормаларын бузууда 1 млрд. 113,5 млн. сомго мыйзам бузулуп, анын ичинен 27,3 миң сомдун орду толтурулган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу