«Манас» эл аралык аэропорттун» мурдагы төрагасы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

09.03.2021, 14:30 Акчабар
«Манас» эл аралык аэропорттун» мурдагы төрагасы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Башкармалыгынын  мурунку төрагасы - Президент Эрик Арсалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын эмгек жамааты көңүл айтат.

 

8-мартта 55 жашында «Манас» эл аралык аэропортунун Башкармалыгынын мурунку төрагасы-президент Эрик Арсалиев Сейдилаевич дүйнөдөн кайтты.

 

Арсалиев Эрик Сейдилаевич 1965-жылы 15-октябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылында туулган.

 

Москва Тоо-кен институтун аяктагандан кийин, эмгек жолун Москвадагы «Малс» илимий-өндүрүштүк коммерциялык бирикмесинде коммерциялык директор болуп баштаган, ал жерде 5 жыл иштеген.

 

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, «Кыргызстан Аба Жолдору»  УАКсында коммерциялык директор (1997-1999), «Авиакомпания Аэролинкс» ЖЧКсынын башкы директору (1999-2001), «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын вице-президенти, андан кийин президенти болуп иштеген ( 2001-2004).

 

Анын иштешинде «Манас» аэропорту реконструкцияланып, жаңы учуу-конуу тилкеси курулган, жүргүнчүлөр жана жүктөр үчүн көтөргүчтөр орнотулган.

 

Анын демилгеси менен «МЭА» ААК азыркы убакка чейин  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жетим жана жарым-жартылай  жетим балдарга камкордук көрүп келет.

 

Эрик Сейдилаевич Арсалиев «Кыргызалтын» ААКда  биринчи вице-президент болуп иштеген. 2007-2010-жылдары, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп турган мезгилде анын жардамы менен эки мектеп, футболдук аянтча калыбына келтирилип, трансформаторлор орнотулган жана Шабдан жана Калмак –Ашуу айылдын ортосундагы жол оңдоо иштери жургузулгон.  

 

Мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин ишкердик менен алектенип келген.

Ал Кемин районунун Ак-Түз айылына лыжа базасын ачып, натыйжада жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылган.

 

Ал калк үчүн ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп турган.

 

Эрик Арсалиев Сейдилаевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарыбызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

«Манас»  эл аралык аэропорту» ААКнын Башкармалыгы,  эмгек жамааты, профсоюз комитети.

 

Тэги: некролог ОАО«МАМ» Аэропорт «Манас» председатель правления

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу