Борбордук Азия мамлекеттери гиласты экспорттого көңүл бурушу зарыл

25.03.2019, 10:14 Акчабар
Борбордук Азия мамлекеттери гиласты экспорттого көңүл бурушу зарыл

Гилас  Борбордук Азия мамлекеттери үчүн  кызыктуу экспорттук  мүмкүнчүлүктү ачат. Анткени эрте бышкан гиластарды  Европага чыгаруу  жергиликтүү  багбандарга пайда алып келээрин  Европалык басылма Euromonitor International белгилеп чыкты.

Борбордук Азиядан гиласты экспортто үчүн  эрте 18 календардык жумада бышкан гиластарды  чыгаруу  киреше алып келмекчи.

«Германия жаңы мөмө жер жемиштерине көз каранды. Анткени,  бул жакта айрым мөмө жемиштерге тансыктык бар» – деп билдирилет документте. 

Ушундай эле ахыбал Бириккен Азия Эмираттарында  дагы жаңы мөмө-жемиштерге  суроо талаптары көп.  Айрыкча алар,  гилас сыяктуу  ширин жемиштерге артыкчылык берилет. Ал эми гилас, айрыкча кокон гилас премиум-класстагы эң жогорку жемиш болуп, чет элдиктердин кызыгуусун жаратууда.

Борбордук Азиянын даамдуу жер-жемишин сатуучу  дагы бир өлкө  бул Кытай мамлекети. Республикага гиластарды  чет мамлекеттерге экспорттоп келет. 

Кытай менен Араб Эмирлигине мезгилдик нерсе мааниге ээ эмес. Алар үчүн сапаттуу жана даамдуу мөмө-жемиштер маанилүү.

«Кыргызстан менен  Казахстандын  жер-жемиш сатуудагы соодасы туруктуу эмес. Өрүктүн, жүзүмдүн, гилас менен коондун экспорту жогору. Таджикстанда абал теңделип жасалган экспорт жасайт. Борбордук Азияда экспорт  боюнча Өзбекстан лидер.  Алардын тышка экспорттосунун көлөмү Кыргызхстан, Казахстан, Таджикстандын саткан жер жемиштерин чогултканда дагы  34 эсе көп сатышууда» – деп жазылган экономикалык талдоодо.

Ушул эле убакта документте:  Борбордук Азия мамлекеттери менен   анын ичинде Кыргызстан  эл аралык рынокко чыгуу үчүн эл аралык талаптарга жооп берген стандарттарды  кармап, товарды тастыктоосу зарыл. 

Тэги: экспорт черешня

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу