Cалык кызматы бирдиктүү салык декларацияларын кабыл ала баштады

30.01.2023, 14:10 Акчабар
Cалык кызматы бирдиктүү салык декларацияларын кабыл ала баштады

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бирдиктүү салык декларацияларын кабыл алуу эки этап менен өтөт. Ага ылайык, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер документтерин тапшырса, 1-майга чейин жеке адамдар жана жеке ишкерлер өткөн жыл ичинде алган кирешелери жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктөрү, мүлк жана жер жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. 

"1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргызстандын аймагында туруктуу иш жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек. Ал эми, 1-майга чейин жеке ишкерлер, салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелерин кошпогондо), ошондой эле юридикалык жакты түзбөй иштеп жаткан дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 1-майга чейин бир жыл ичинде 300 миң сомдон ашык мүлккө ээ болгон жактар, мамлекеттик үлүшү бар мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жашоого уруксаты бар же кайрылман статусу бар жарандар, эл аралык уюмдардан түшкөн кирешеси бар уюмдар салык декларациясын бериши керек. 

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 телефону аркылуу же салык кызматынын сайтынан алса болот.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу