Казакстандын финансы базарын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү агенттиги Capital Bank Kazakhstanдын банктык операцияларды жана башка ишмердүүлүктөрдү баалуу кагаздар базарында жүргүзүү лицензиясынан ажыратты.
Ага төмөндөгү шарттар себеп болгон:
Лицензияны кайтарып алуу күнүнө карата банктын активдери 89,8 млн АКШ долларын, насыя портфели 79,1 млн долларды түзгөн, андан тышкары 70 млн доллар же банктын насыя портфелинин 89,8% ы үч айдан ашык мөөнөтү өтүп кеткен насыялар менен көрсөтүлгөн.
Банктын ликвиддүү активдеринин көлөмү 347,8 миң долларды түзөт, ал эми кардарлардын аткарылбаган төлөмдөрүнүн көлөмү 35 миллион доллардан ашат.