CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунда 12-сентябрдан баштап зым тартуу иштери жүрүп жатат. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт.
Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1211 (97.4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1211 (97.4%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1180 (94.9%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу - 36,1 км (7.9%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1243.
Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.