Транспорт министрлигинде 109 млн сомго каржы бузуу Эсеп палатасы тарабынан катталган

16.12.2019, 12:17 Акчабар
Транспорт министрлигинде 109 млн сомго каржы бузуу Эсеп палатасы тарабынан катталган

КР Транспорт министрлигинин бюджетинде 109 млн 155.9 мин сомго каржы бузуу катталды. Бул тууралуу Эсеп алатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен, 480.7 миң сомго негизсиз эмгек акы төлөнгөн.

Курулуш иштеринин көлөмү курулуш-монтаж жумуштары 105 млн 258.2 миң сомго (аудиттер тарабынан текшерүү учурунда 31 млн 864.7 миң сом калыбына келтирилген) көп жасалган. Анын ичинен Бишке-Ош автожолунун долбоору боюнча 421 миң долларга каржы бузуу катталган.

Тараз — Талас — Суусамыр автожолунун долбоору боюнча, жол-курулуш жумуштарында 807.7 миң сомго каржы бузуу катталган.

«Түндүк-Түштүк Альтернативдүү жолу, Арал-Казарман» аянтындагы курулуш иштериинин жалпы суммасы, жумуш аткаруучулар тарабынан 140 миң долларды түзгөн.

Андан сырткары, текшерүү учурунда 3 млн 144.2 миң сомго дебитордук жана насыя карыздар (аталган сумма ордуна келтирилди) катталаган.

«Аталган суммалардын ичинен, 108 млн 675.2 миң сом кайрадан кайтарылат», - деп жазылат маалыматта. Текшерүү учурунда 35 млн 29.5 миң сом кордуна келтирилген.

3 млн 606.4 миң сом - натыйжасыз пайдаланылган деп табылды.  

10 млн 283.5 миң сом бюджетке жоготуу болгон.

Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында, жоболор жана сунуштар киргизилип, аудитордук укук бузуулар жана кемчиликтер байкалган. Аудиттин материалдары керектүү органдарга өткөрүлүп берилген.

 

 

Тэги: финансовые нарушения Счетная палата аудит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу