Эл аралык биржада АИ-95 бензининин баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

22.07.2021, 12:30 Акчабар
Эл аралык биржада АИ-95 бензининин баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Санкт-Петербург эл аралык товардык биржасында АИ-95 бензининин баасы 2020-жылдагы тарыхый рекордду жаңылады, ал эми АИ-92 баасы үчүнчү күн катары менен рекорддук мааниге ээ, деп жазды РИА Новости.

Шаршембидеги соодалоонун жыйынтыгында, АИ-95тин биржалык баасы, Орусиянын Европа бөлүгү үчүн аймактык индексине ылайык, күнүнө 0,59% га жогорулап, тоннасына 59 миң 849 рублди түздү.

Ошентип, бренддин наркы өзүнүн рекордун жаңыртып, 2020-жылдын июль айындагы (тоннасына 59,784 рубль) көрсөткүчтү кайталады. 

АИ-92нин баасы үчүнчү күн катары менен биржада рекорддорду жаңыртууда, шаршемби күнкү соодалоонун жыйынтыгы боюнча анын баасы тоннасына 575 61 рублди түзүп, күнүнө 0,55% га жогорулады. Өткөн жумада, бренддин наркы эки жолу рекорддук көрсөткүчтөргө жетти, андан кийин жума күнү бир аз артка жылып, дүйшөмбү күнү дагы көтөрүлдү.

 

Тэги: бензин АИ-95 цена

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу