Бүгүн, 7-мартка карата Brent маркасындагы мунайдын баасы жаңы максимумга чыкты. Май фьючерлери 139 доллар деген көрсөткүчтү ашырып жатышкан эле.
Муну менен 2012-жылдагы мунайдын баасы 128 доллардан ашуу менен жеткен рекорддун жаңыланган.
Учурда Brent маркасына карата май фьючерлеринин баасы 126.66 чейин төмөндөп кетти.
Андан сырткары мунайдын WTI маркасына карата баанын өйдө-төмөн секириши байкалды. Жогорку чегине жеткен баа баррелине 130 доллар болуп, баанын алдыдагы төмөндөөсү 121 долларга чейин жетип турду.
Орусиянын мунайына эмбарго киргизилиши мүмкүн деген маалыматтардан кийин мунайдын баасы өйдө-төмөн секире баштаган.
Мунайга болгон баанын тарыхый жогорку көрсөткүчү 2008-жылы болгон эле. Аанда баррелдин баасы 143 долларды түзгөн.