Ушул жылдын сегиз айында Кыргызстан Казакстанга 859,2 тонна кийим экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,1%га аз. Бул тууралуу Energyprom.kz мониторинг агенттиги маалымдады.
Бирок, көлөмдүн кыскарышына карабастан, бул тармактагы кыргызстандык экспорттоочулардын кирешеси 54,9%га өсүп, 2 млн 531,5 миң долларды түздү.
Белгилей кетсек, 2021-жылы 1 тонна кийимдин орточо баасы 1 миң 501,24 доллар болсо, быйыл 96,26%га жогорулап, 2 миң 946,34 долларды түздү.