Бишкектеги жаңы ишкерлерди тейлөө борбору иштей баштагандан бери 1,3 миң салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Анын ичинен салыктык каттоодон 72 салык төлөөчү, эсептик каттоодон 18, кайра каттоодон 57си өткөн. Дагы 122 ишкер салык отчетун тапшырган, 744ү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча, 30 салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алышкан, 16сы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө.
Мындан тышкары, 44 салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы “Жеке кабинетке” кирүү мүмкүнчүлүгүн, 147 ишкер патент жана камсыздандыруу полисин алышты. Ошондой эле патент менен иштеген 36 ишкер өз ишин токтотту.
Эске салсак, 25-ноябрда Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, консультацияларды ыкчам жана толук түрдө алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.