Июнь айында жашылча-жемиштердин баасы 16,4% га жогорулады. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди.
Жашылчалардын баасы ушул жылдын май айына салыштырмалуу 19,5% га, мөмө-жемиштер 6,4% га жогорулады. Баанын эң жогорку өсүшү сабизге - 1,6 эсе, картошкага - 36,3%, өрүккө - 2,2 эсе жана алмага - 15,4% болгон.
Бишкекте картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашып кеткен.