Кыргызстанда калк үчүн газдын баасы дээрлик 3%га кымбаттады

09.03.2022, 13:51 Акчабар
Кыргызстанда калк үчүн газдын баасы дээрлик 3%га кымбаттады

Март айында Кыргызстанда калк жана өнөр жай ишканалары колдонуучу жаратылыш газына болгон тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу “Акчабар” порталына “Газпром Кыргызстан” call-борборунан кабарлашты.

Үстүбүздөгү айда 1 куб метр газдын баасы калк үчүн 18.56 сомду, өнөр жай мекемелери, коммерциялык структуралар жана бюджеттик уюмдар үчүн кошулча нарк салыкты (КНС) жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке алганда – 22.39 сомду түздү. Февраль айына салыштырмалуу калк үчүн тарифтин өсүүсү 2.75 пайызды түзүп, өткөн айга каршы 1 м3 - 18.06229 сом, өнөр жай ишканалары үчүн 2.73 пайыз (1 метр кубу  - 21.79463 сомду түздү) болду.

Жаратылыш газына болгон тарифтин жогорулашы АКШ долларанынын сомго карата өсүүсү менен түшүндүрүлөт. Отун-энергетикалык ресурстарын жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 1-апрелиндеги №85чи жана №86-буйруктарынын негизинде “Газпром Кыргызстан” ишканасы КР Улуттук банкы тарабынан айдын биринчи күнү бекиткен АКШ долларына карата улуттук валютанын расмий курсун эсепке алуу менен ай сайын жаратылыш газына карата кайтадан эсептөө ишин жүргүзүп турат.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, 1-мартка карата доллардын расмий курсу 93,291 сомду түзүп, 1-февралга карата 10%дан ашык жогорулаганына карабастан (1 доллар үчүн 84,7974 сом), газ баасында кескин өсүш болгон эмес.

Тэги: газ тарифы Газпром Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу