Буудайдын баасы бир жыл ичинде 40% га жогорулады

30.07.2021, 10:50 Акчабар
Буудайдын баасы бир жыл ичинде 40% га жогорулады

Буудайдын баасы ушул жылдын июль айында республикада орто эсеп менен 29,15 сомду түзүп, өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ошол эле учурда, буудайдын чекене баасы ушул тапта Бишкек шаарында (кг үчүн 31,46 сом), Токтогул (кг үчүн 30,96 сом), Исфана (кг үчүн 30,73 сом) жана Өзгөндө (30 сом) республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору болууда. Анын минималдуу баасы Чаек айылында (кг 18 сом), Каракол шаарларында (кг 20,87 сом) жана Кара-Сууда (кг 23,59 сом) катталган.

Ушул жылдын июль айында өткөн айга салыштырмалуу республикада буудайдын чекене баасы 3,4 сомго же 13,1%га жогорулады.

Буудайдын баасынын өткөн айга салыштырмалуу эң чоң өсүшү Токтогулда - 47,1% га жана Нарында - 43% га катталды.

 

 

Тэги: пшеница цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу