“Чакан ГЭСинин” акционерлери компаниянын аудиторуна сый акынын жана компенсациянын өлчөмүн бекитти. Тиешелүү маселе 15-ноябрда өткөн кезексиз жалпы жыйында көтөрүлдү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен “Чакан ГЭСинин” аудиторуна төлөнүүчү сый акынын жана компенсациянын өлчөмүн 45 миң сом өлчөмүндө бекитүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, жыйында “Чакан ГЭС” ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп Майрамбек Абдыкадыров дайындалды. Эсептөө комиссиясынын функциялары биргелешип, "Фондрегистер" ЖЧКсынын көз карандысыз реестринин өкүлү Нургүл Жээнчороевага жүктөлдү.