“Чакан ГЭС” ААКсы республикалык бюджеттен 2 млрд сом өлчөмүндө насыя алат. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгонун депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Акча Таластагы Киров суу сактагычында “Бала-Саруу ГЭСин” куруу долбоорун ишке ашырууга каралган.
“Республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом, ал эми 700 миллион сому Улуттук банктагы сактык эсептеринде топтолгон каражаттардын эсебинен бөлүндү”, - деп айтылат документте.
Белгиленгендей, негизги карызды төлөө мөөнөтү 11,5 жыл, үстөк пайызы жылына 6%.