Чартердик рейстерге алдамчылык жол менен билет саткандар боюнча 20 факты аныкталды

07.09.2020, 11:30 Акчабар
Чартердик рейстерге алдамчылык жол менен билет саткандар боюнча 20 факты аныкталды

Чартердик каттамдардын билеттери шылуундар тарабынан сатылып жатат деген маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан такталып, жыйынтыгында аталган мыйзам бузуу боюнча 20 факты аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү 5.7 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтында маалымдалат. 

Пандемия маалында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар акысыз чартердик каттам үчүн акча алган шылуундардын курмандыктары болуп калышкан. Бул боюнча бардык фактылар Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмүнө катталды. 

Жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык жоопко тартылышат. Андан сырткары 6 факты боюнча кылмыш ишин козгоо иштери жүрүүдө. 

 

Кошумчалай кетсек, катталган фактынын ичинен 2 доочу өз арыздарын, материалдык чыгымдар ордуна келтирилгенден кийин кайра артка кайтарып алышкан. 

Тэги: шылуун чартердик каттам билет учак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу