MegaCom, «Айыл банк» жана «РСК банктын» акцияларынын бир бөлүгү чет өлкөгө сатыкка коюлушу мүмкүн

01.06.2021, 15:50 Акчабар
MegaCom, «Айыл банк» жана «РСК банктын» акцияларынын бир бөлүгү чет өлкөгө сатыкка коюлушу мүмкүн

MegaCom, “Айыл Банк” жана “РСК банктын” акцияларынын бир бөлүгү эл аралык фондулук биржага чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар, тиешелүү тажрыйбасы бар жеке адамдар дагы мамлекеттик активдерди баалай алышат.

“Эл аралык баалоочулар, мисалы, стратегиялык объектилер жөнүндө сөз болгондо катыша алышат. Акциялардын 10% эл аралык фондулук биржага IPO коюу үчүн чыгаруу сунушу бар. Албетте, бул жерде статус башка, андыктан эл аралык баалоочу катышышы керек”, - деди Бакиров.

Ошол эле учурда Бакиров сунуш кимден түшкөндүгүн жана акцияларды кайсы биржада көргөзмөгө коюуга болорун так айткан жок.

MegaCom, “Айыл банк” жана “РСК банк” мамлекетке тиешелүү ишканалар.

Тэги: MegaCom РСК Айыл банка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу