Жеке менчик клиникаларга 1,5 млн сом айып салынды

15.01.2024, 11:23 Акчабар
Жеке менчик клиникаларга 1,5 млн сом айып салынды

Жеке медициналык клиникаларга 1,5 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн адиси Аман Усманов билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусу боюнча жалпысынан 626 жеке клиниканы текшерген. Анын ичинен 216 клиниканын лицензиясы жокко чыгарылды. Ал эми 151 клиникага жалпысынан 1,5 млн сом айып пул салынды. 

Мындан тышкары, 332 клиникага санитардык жазма эскертүү берилген. Башкача айтканда, лицензия алганга чейин же башка мыйзам бузууларды жоймоюнча алардын ишмердүүлүгү токтотулат. 

 

Тэги: медицина частные клиники штраф новости Кыргызстана Жогорку Кенеш КР Минздрав КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу