Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди

12.10.2023, 11:45 Акчабар
Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди

"Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо" долбоорунун алкагында Жапония Чаткал районунда кар көчкүлөргө мониторинг жүргүзгөн эки станция орнотту. Бул тууралуу БУУӨПтөн билдиришти. 

Белгилеп кетсек, кар көчкү станциялары реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат. 

"Жапония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөттү, алардын жалпы суммасы 1,17 млн долларды түзөт. Биринчиси, мен май айында барган Нарын облусундагы Долон трассасындагы станция. Жапон өкмөтү бул жаатта колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр", - деди Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года. 

Аземдин жүрүшүндө БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева көчкү станциялары биргелешкен аракеттердин натыйжасы экенин белгиледи.

“Кызматташуу табигый кырсыктардын тобокелдигине жооп кайтарууну күчөтүп, өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде кар көчкүлөрдүн жана гидрометеорологиялык коркунучтардын алдын алат деп эсептейм”, - деди. 

 

Тэги: кар көчкү станциясы Чаткал району БУУӨП Жапония

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу