Чек ара кызматынын кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалды

29.03.2022, 11:18 Акчабар
Чек ара кызматынын кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалды

Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан «Кадамжай-авто жол» постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмө посттун Чек ара кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган.

"Бул факты боюнча КР Кылмыш-жазакодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн",- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде жалпы алты адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тэги: УКМК. чек ара кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу