Чек арачылар ири көлөмдө өсүмдүк майын ташып бара жаткандарды кармады

08.04.2022, 09:28 Акчабар
Чек арачылар ири көлөмдө өсүмдүк майын ташып бара жаткандарды кармады

Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстанга өсүмдүк майын ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар аталган райондун Максат-Жаштык унаа жолунун “Достук” каналынын жээгинен “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.

“Унаанын ичин текшергенде беш литрлик идиштеги 1500дөн ашуун өсүмдүк майы табылган. Унааны башкарып бара жаткан кыргыз жарандары товарларды Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз түрдө алып чыгып сатууга аракет кылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, контрабандалык жүктүн баасы 1 млн сомдун тегерегинде”,- деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар тиешелүү документтерди толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана контрабандалык жүк укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Тэги: өсүмдүк майы чек ара кызматы Аткезчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу