«Чалдовар» көзөмөл өткөрүүчү пунктунда аткезчилик аныкталды

12.02.2020, 16:00 Акчабар
«Чалдовар» көзөмөл өткөрүүчү пунктунда аткезчилик аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБ мамлекеттеринен келе жаткан контрабанданы алып кирүү аракетин токтотушту. Буул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Чалдовар» көзөмөл өткөрүүчү пунктунан 590 миң сомго бааланган унаа тетиктерин , 20 тонна алма жана 25 тонна буудай өткөрүп бара жаткан унаалардын айдоочулары кармалган.

«Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүүчү пунктунда 20 тонна абразивдик күкүм жана 1 тонна капустаны алып өтүү аракети токтотулган.

«Импорттоочулардын баардыгында салык органынын товарды өткөрүүгө салыктык маалым каты менен коштомо кагазы жок болгон. Бузуулардын материалдары ЭКККМКнын мобилдик тобуна мыйзамга ылайык чараларды көрүү максатында өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: чек ара контрабанда МСК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу