«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы кайра башталды

23.03.2023, 17:31 Акчабар
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы кайра башталды

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен уланта баштады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда өтөт. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуу зарыл. Ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу керек. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү зарыл. 

Салык кызматы жарандарды лотереяга жигердүү катышууга чакырат. Бул ишкерлер тарабынан ККМди колдонуу боюнча коомдук контролду гана камсыз кылбастан, баалуу байгелердин ээси болууга да мүмкүндүк берет.

“Чек талап кылып, байге утуп ал! Чек канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот”, - деп айтылат маалыматта.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу