Кыргыз гиласынын киллограмы Кытайда миң сомдон ашат

17.06.2019, 15:30 Акчабар
Кыргыз гиласынын киллограмы Кытайда миң сомдон ашат

Кыргыз-Таджик гиластары Кытайды даамы менен багындырууда. Анын үстүнө түз авиа каттам гиластын экспортун көбөйтүүдо.  Кытайдын  Синьхуа агентиги жазгандай авиакаттам менен  20 тоннадан жүк кетүүдө. 

Жакын аралык жана аралыгы жакын авиа каттамдар кыргыз гиласын экспорттого жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Борбордук Азиядан Синьцзян-Уйгур автоном районуна (СУАР) ташылууда. Дүшөмбү-Үрүмчү, Ташкент-Үрүмчү же  Бишкек-Үрүмчү аркылуу барган жемиш болгону үч саатта жетет. Бир күндө  кытай рыногуна чыккандыктан, эч кандай даамын, сапатын жоготпойт.  

Кыргыз жана  таджик гиластары  кытайда өтүмдүү. Синьхуанын кабарчысы белгилегендей, Үрүмчүнүн супермаркеттери менен жемиш базарларында гилас сонун таңгакталып, бир кг  100 юань же $14.5 Улуттук банктын сомдун курсуна салыштырсак 17-июнда 1000 сомдонг жогоруу болууда.

«Борбордук Азиянын гиластары абдан даамдуу. Жогорку сапатта болгондуктан ички рынокто абдан өтүмдүү», - деп билдирген «South Asia Communicator»  Синьцзян эл аралык  транспорттук-экспедитордук компаниясынын бажы деларанты  Инь Цзыфэнь.

Бул компания Кытайга майдан бери  20 тонна гилас ташыган. 

Учурда  Дүшөмбү-Үрүмчү, Ташкент-Үрүмчү же  Бишкек-Үрүмчү авиа каттамдары арыкылуу түз ташууну  Таджикистандын «Сомон Эйр» жана кытайдыын «China Southern Airlines» авиа компаниялары жасашууда.  «China Southern Airlines»  Синьцзян аймагы боюнча өкүлү Дай Цзяньпэн айтымында, акыркы маалда гиластын импорту жалпы жүк ташуунун  90% түзгөн. Ал эми кун сайын ташуу  20 тоннага жетүүдө.

Борбордук Азиядан гилас ташуу 2017-жылда башталып, жыл сайын анын көлөмү өсүүдө.  2018 көрсөткүч 130 тонна болсо, быйыл  200 тоннадан ашуу күтүлүүдө.

Кытайдын  иммиграция менен карантин текшерүү  менен бажы департаменти бирдиктүү бажы текшерүүсүн жасашып, чек арадан өткөрүүнү тездеткен. Ошондуктан, учак когондон 3 саатан кийин эле жүктү ээлери алышат. 

 

 «Бир жол – бир алкак» долбоорунун алкагында Кытай менен Борбордук Азиядагы  соода сатык жөнөкөйлөшкөн: эми авиа катамдар менен келген жүктөр, тез эле жергиликтүү рынокко чыгат. Борбордук Азиядан кытайга - клемдер, кийимдер, вино, гилас, бал экспорттолот. 2018  «China Souther Airlines» (Бул Борбордук Азия менен Синьцзян аймагын байланыштырган жаллгыз авиакомпания) 540 тонна жүктү импорттоп, ал мурдагы мезгилге салыштырмалуу  72%  түзгөн.

Тэги: экспорт черешня КНР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу